• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы: Контрафакттык тамеки жана ликер арак ичимдиктери тартып алынды

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кемин районунда, "Берекет" соода борборунда (Ош базары) жана Бишкек шаарынын бир катар дүкөндөрдүндө өткөн рейддин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 263 миң 959 сомдук контрафакттык тамеки жана ликер-арак ичимдиктерин тартып алышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинде 122 425 сом суммасында 1 миң 339 куту тамеки (анын 68 965 сому 151 электрондук тамеки) жана 141 534 сом суммасында 676 бөтөлкө ликер арак ичимдиктери алынган.

Анын ичинен 1 188 тамеки буюмдары – акциздик маркасы жок, 151 даана электрондук тамеки – акциз салыгы төлөнгөн эмес, 363 бөтөлкө алкоголдук ичимдик – жасалма акциздик маркалар менен, 40 бөтөлкө ликер арак – лицензиясыз болгон.

Рейддик салык контролунун бардык материалдары жана убактылуу алынган тамеки жана ликер-арак ичимдиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү аймактык салык органдарына берилди.

Пикир

Оставить комментарий