• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы контрафакттык жана жасалма тамекилерди сатуу жоопкерчилиги тууралуу эскертет

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы контрафакттык тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатуу жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Салык кызматы алдын ала түшүндүрүү иштеринин алкагында эл аралык тамеки компаниясы менен биргеликте маалыматтык буклеттерди чыгарды, алар супермаркеттердин, дүкөндөрдүн жана соода түйүндөрүнүн сатуучулары арасында таратылды.

Салык кызматы соода түйүндөрүнүн ээлерин жана сатуучуларды контрафакттык, анын ичинде жасалма тамеки продукцияларын, сатуудан алыс болууга чакырат. Мыйзам бузгандар КР Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Салык кызматы жарандардан тамекилердин кутучасын сатып алуу/сатуу учурунда текшерүүнү суранат. Мыйзамсыз тамекилерде акциздик маркасы жана ден соолукка тийгизген зыяндуулугу жөнүндө эскертүүчү сүрөттөрү же акциздик маркада жана ден соолукка тийгизген зыяндуулугу жөнүндө эскертүүдө мамлекеттик тилдеги текст жок болот.

Салык кызматы контрафакттык же жасалма тамекилерди көргөн учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 же (0779)61-31-89 (whatsapp) номерине кайрылууга кеңеш берет. Кеңири маалыматты www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий