• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы Кыргызстанга бир катар товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан контролдук-өткөрүү пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ири мүйүздүү малды, авто дөңгөлөктөрдү жана коонду ташып кирүү фактыларын аныктаган.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда 3 жүк ташуучу унаа кармалган, анда суммасы 150 миң рубль турган 20 даана авто дөңгөлөк жана суммасы 1,5 миллион рубль турган 60 баш ири мүйүздүү мал жүктөлгөн. Ошондой эле "Ак-Жол" эсепке алуу пунктунда суммасы 120 миң теңге турган 6 тонна коон жүктөлгөн 2 жүк ташуучу автомашинасы кармалган.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынан маалымкаты жок болуп чыкты.

Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

2021-жылдын 7 айынын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө бузуу фактылары аныкталган 1 миң 83 материал мобилдик топко өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий