• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстанга мал, жылкы жана балапандардын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирүү аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерсиз ири жана майда мүйүздүү бодо малды, жылкыны жана балапандарды ташып кирүү фактыларын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 10 күндүн ичинде 847 баш ири мүйүздүү малды, 62 майда мүйүздүү малды, 120 жылкыны жана 36 миң 200 балапанды Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана башка коштоочу документтер болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

Пикир

Оставить комментарий