• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктады.

Ведомстводон белгилешкендей, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы жана 2022-жылдын 7 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 13 компания аталды:

өндүрүш жаатында – "Бессер-Центральная Азия" ААК, "Viva Tex" ЖЧК;

курулуш жаатында "Интегра Хотел Инвестмент" ЖЧК, "Южный Комбинат строительных материалов" ЖЧК, "Южно-Кыргызский цемент" ЖАК;

соода жаатында – "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, "Гласслэнд Компани" ЖЧК, "Ак-Бата" ЖЧК, "Прод Импекс" ЖЧК;

тейлөө жаатында – "Бакай Банк" ААК, "Нур Телеком" ЖЧК, "Скайнет Телеком" ЖЧК, "Центр отдыха "Радуга плюс" ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө салтанаттуу түрдө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Мыкты салык төлөөчүлөрдү аныктоо – бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда зор салым кошкон жана республиканын салык мыйзамын так сактаган ишкерлердин жогорку сиңирген эмгектерин мамлекет тарабынан таануусунун белгиси.

Пикир

Оставить комментарий