• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы лотереянын 3-утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды.

Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жеңүүчүлөр катышышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов жеңүүчүлөрдү куттуктап, лотереянын кыргызстандыктардын салык сабаттуулугун жогорулатууга тийгизген оң таасирин белгиледи. Жарандар кассалык чектерди активдүү талап кыла башташты, ал эми ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды көбүрөөк колдоно башташты.

Ал жарандарды кассалык чектерди талап кылууну улантууга жана ошону менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга үндөдү.

Иш-чаранын катышуучулары лотереяга катышуу жана байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн мамлекетке ыраазычылыктарын билдиришти, ошондой эле лотереянын ачык жана таза өткөндүгүн белгилешти.

Белгилей кетсек, лотереянын 3-утушунун жеңүүчүлөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду.

Башкы байге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну жана үй кожойкеси Каныбек кызы Чынара утуп алды. Ал топтогон 106 билеттин бири утуштуу болгон.

Honda электромобили Дана Өмүрзаковага, ал эми Neta V электромобили Таалайбек Эйсага буюрду, экөө тең Чүй облусунун тургуну.

Дагы 12 адам iPhone 13, 11 адам Samsung смартфондорунун ээлери болушту. Ошондой эле, 6 микротолкундуу меш, 5 чаң соргуч, 5 телевизор, 5 муздаткыч жана 5 кир жуугуч машина өз ээлерин табышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 30-декабрында Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын үчүнчү утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Утушка 18 млн 844 миң 542 билет менен 176 миң 896 адам катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий