• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы мыйзамсыз сатылып жаткан 29 миңден ашык бөтөлкө алкоголду аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө алкоголдук продукцияны лицензиясы жана тиешелүү сертификаты жок сатуу максатында мыйзамсыз сакталган фактысын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан ар кандай аталыштагы жана идиштеги 29 миң 145 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен Бишкек шаарында – 13 873 бөтөлкө алкоголь, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда – 15 272 бөтөлкө сыра.

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча буга окшогон рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий