• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы: Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 42 миң бөтөлгө алкоголь ичимдиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар, идиштин көлөмүнө туура келбеген акциздик маркалар менен, ошондой эле тийиштүү документтери жок алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 3,6 млн сом суммасындагы 42 миң 208 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынган, анын ичинде алкоголду дүң сатуу боюнча лицензияланган кампалардан "Лига Трейд" ЖЧКда – 1,1 млн сом суммасында 10 миң 171 бөтөлкө, "Серебром" ЖЧКсынан – 2,5 млн. сомго 32 миң 37 бөтөлкө.

Пикир

Оставить комментарий