• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2910 таңгак тамеки жана 760 бөтөлкө алкоголь тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты.

Салык кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Өзгөн районунан акциздик маркасы жок 2 миң 910 таңгак тамеки тартып алынды. Чүй облусунун Сокулук районунан лицензиясы жок алкоголдук продукция саткан дүкөн табылып, 760 бөтөлкө тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий