• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн алкоголдук продукциянын ири партиясын тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана сатуу боюнча бир катар талаптарды бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Жалал-Абал жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан майда дүң дүкөндөрдө акциздик маркаларды колдонуу боюнча талаптар бузулган алкоголдук продукцияларды сактоо жана сатуу фактылары аныкталды. Ар кандай идиш жана аталышта 9 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартылып алынды.

Бишкек шаарында импорттолгон алкоголдук продукциянын ири партиясын жүгүртүү максатында сактоо фактысы аныкталды, мында, алкоголдук продукциялар контрэтикеткасыз жана стикерсиз болгон. Жыйынтыкта үч ишкердик субъектке карата 84 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган, ал сумма бюджеттин пайдасына өндүрүлдү.

Мындан тышкары, Аламүдүн районундагы алкоголдук продукция өндүрүүчү заводдордун биринде коньяк продукциясы үчүн 2915 даана акциздик марканын жетишсиздиги аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузууларга тиешеси бар ишкердик субъектилерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий