• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн дээрлик 14 миң бөтөлкө алкоголь тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүнүн жаңы фактыларын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош жана Кара-Көл шаарларында, ошондой эле Токтогул районунун аймагында жайгашкан кампаларда коштоочу документтери жок жана күмөндүү акциздик маркалары менен алкоголдук продукцияларды сатуу максатында сакталганы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ар кандай идиштеги жана аталыштагы 13 миң 970 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Аныкталган бузууларга тиешеси бар ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий