• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы Ош облусунан 2 миңге жакын бөтөлкө алкоголду мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө уруксат берүүчү документтерсиз алкоголдук продукцияны сактаа жана сатып жаткан ири соода дүкөндү аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, дүкөндө алкоголдук продукцияны сатууга лицензиясы жана сатылуучу продукцияга коштомо документтердин (шайкештик сертификаты, эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар) жоктугу аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай түр, аталыш жана идиштеги 1958 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкердик субъектке карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий