• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Салык кызматы программалык ККМдин реестрине биринчи моделди киргизди

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы «НУР Телеком» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан «О! Касса» 1.0.0 версиясындагы программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машинанын биринчи моделин ККМдин реестрине киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

«О! Касса» чечиминде колдонуудагы контролдук-кассалык машинанын толук функционалы менен онлайн тиркемеси бар. Мында, тиркемени каалаган смартфон, планшет же интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар жеке компьютер менен колдонууга болот.

Программалык ККМди колдонуу ККМди колдонуу милдеттүү болгон чакан жана орто бизнестин жүгүн кыйла төмөндөтөт жана орточо наркы 14 миң сом жана андан жогору болгон кымбат баалуу кошумча жабдууларды сатып алууну талап кылбайт.

Бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр реестрге киргизилген ККМ жөнүндө маалымат менен салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «ККМ Онлайн» бөлүмүндөгү "Контролдук-кассалык машиналардын реестри" баракчасынан тааныша алышат.

"ККМдин реестрине" киргизүү үчүн ККМдин моделине дал келишине техникалык корутунду берүү жөнүндө иштеп чыгуучу-компаниялардан билдирмелерди Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ведомстволор аралык комиссия карайт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 1-январынан тартып эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМ милдеттүү түрдө колдонулат.

ККМдин жаңы, анын ичинде программалык моделдерин колдонуу «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий