• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы программалык ККМдин реестрине жаңы 2 моделди киргизди

Экономика 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы «Макс софти» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан «NeoFiskal 1.0.0» жана «NeoFiskal Driver 1.0.0» версиясындагы программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машинанын 2 моделин ККМдин реестрине киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда реестрде программалык ККМдин 3 модели («О! Касса» 1.0.0 версиясы, «NeoFiskal 1.0.0 версиясы», «NeoFiskal Driver 1.0.0 версиясы») бар, бул ишкерлер үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Программалык (виртуалдык) ККМдин моделдери колдонуудагы контролдук-кассалык машинанын толук функционалы менен онлайн тиркеме катары саналат. Мында, тиркемени каалаган смартфон, планшет же интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар жеке компьютер менен колдонууга болот.

Программалык ККМди колдонуу ККМди колдонуу милдеттүү болгон чакан жана орто бизнестин жүгүн кыйла төмөндөтөт жана орточо наркы 14 миң сом жана андан жогору болгон кымбат баалуу кошумча жабдууларды сатып алууну талап кылбайт.

Бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр реестрге киргизилген ККМ жөнүндө маалымат менен салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «ККМ Онлайн» бөлүмүндөгү "Контролдук-кассалык машиналардын реестри" баракчасынан тааныша алышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 1-январынан тартып эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМ милдеттүү түрдө колдонулат.

ККМдин жаңы, анын ичинде программалык моделдерин колдонуу «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий