• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы рейддин жана контролдук сатып алуунун жүрүшүндө 4 миң субъектте бузууларды аныктады

Экономика 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Республиканын салык органдары 2018-жылдын 3 ай ичинде 11 миң 771 рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууну жүргүзгөн. Анын ичинен рейддик салык контролу менен 8 миң 267 субъект жана контролдук сатып алуу менен 3 миң 504 субъект камтылган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 4 миң 717 ишкер субъектте салык мыйзамдарынын ар кандай бузуулары аныкталган.

Бузуулардын ичинде – уруксат берүүчү документтердин жоктугу (2191), патенттин жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү (438), контролдук-кассалык машиналардын жоктугу (391) же бузулган ККМди колдонуу (51), чекти бербөө жана урбай коюу (859), акциздик маркалардын жоктугу же туура келбегендиги (49), бузуулардын башка түрлөрү (738).

Белгилей кетсек, рейддик салык контролу – бул салык мыйзамдарынын бузууларын ыкчам табууга багытталган ишкердин финансы-чарбалык ишин текшерүү болуп саналат.

Контролдук сатып алуу накталай акча, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу кызмат көрсөтүүдө же соода операцияларында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо бөлүгүндө ак ниетсиз ишкерлерди аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий