• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы салыкчыларды аралыктан окутуу үчүн техникалык жабдууларды алды

Экономика 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Бишкекте Япон Эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “МСКнын кадрдык потенциалын жакшыртуу” долбоорунун алкагында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин аралыктан окутуу үчүн техникалык жабдууларды өткөрүп берүү-кабыл алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өткөрүп берүү-кабыл алуу иш-чарасына Салык кызматынын жана JICA жетекчилиги, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга жооптуу эксперттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жеке компьютерлерди, ошондой эле смартфон, ноутбук жана башка гаджеттерди колдонуу менен онлайн жана офлайн режиминде жеткиликтүү болгон ар кандай салык темасындагы видео окууларды даярдоо үчүн зарыл болгон жабдуулары бар видеостудиянын бет ачары болду.

Салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакып аралыктан окутуу бир катар артыкчылыктарга, анын ичинде ашыкча финансылык сарптоолорду болтурбоо жана алыскы аймактарда иштеген салыкчыларды сапаттуу окутуу үчүн убакытты үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ экендигин белгиледи. “Аралыктан окутуу өлкө боюнча аймактык салык органдарынын кызматкерлерине салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана жаңылыктар боюнча өз убагында билим алууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ал.

Кыргызстандагы Япон Эл аралык кызматташуу агенттигинин туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Имаи Сейдзю мамлекеттик кызматчыларды аралыктан окутуу боюнча долбоор өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп, анын ийгиликтүү ишке ашырылышына ийгилик каалап өттү.

Эскерте кетсек, үч жылга эсептелген “МСКнын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоору 2017-жылы башталган жана аралыктан окутуу системасын киргизүү, ошондой эле КР МСК адам ресурстарын башкарууну жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Долбоордо МСКнын кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр үчүн, анын ичинде орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары, атайын орто окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн аралыктан окутуу системасын түзүү каралган.

Окуу модулунун программасы маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу менен түзүлөт. Ошол эле учурда мындай окутуу үчүн убакыт жана мейкиндик тоскоолдуктары жана чектөөлөр жок экендиги абдан маанилүү фактор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий