• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы сентябрда 5,95 млн сомдук аткезчилик алкоголь продукциясын тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын сентябрында рейддик салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жүгүртүүдөн 5 млн 958,7 миң сом суммасындагы 39 миң 815 бөтөлкө алкоголдук продукциясын тартып алган.

Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, алынган бардык продукция жасалма акциздик маркалар менен жана лицензиясы жок болгон.

Өткөн айга салыштырмалуу бул 19 миң 437 бөтөлкөгө көп же өсүү ыргагы 195%ды түзөт.

Ошондой эле бир ай ичинде 200 миң сом суммасында акциз маркалары жок 3 миң 228 куту тамеки буюмдары тартып алынган, бул август айына салыштырмалуу 1 миң 661 кутуга көп же өсүү ыргагы 200%ды түзөт.

Салык кызматы акциз маркасы жок жана жасалма акциз маркалары менен тамеки жана алкоголдук буюмдарды табуу жана тартып алуу боюнча туруктуу негизде иш жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий