• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы: Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарыл

Экономика 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Маалыматка ылайык, жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же МСКнын сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий