• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы шайлоого аттанган партияларды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партияларды, ошондой эле партияларга кызмат көрсөтүүчү компанияларды жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартылган адамдарды салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз мөөнөтүндө жана толугу менен төлөөгө чакырат.

Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды же фирмаларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат.

Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар.

Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн (ММКларда жана интернет басылмаларындагы жарнактар, жарнак такталары, ар кандай акцияларды, үгүт иштерин өткөрүү ж.б.) тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Шайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан бардык саясий партиялар, компаниялар жана башка уюмдар жана жеке адамдар салык мыйзамдарынын сакталышына карата салык органдары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынаарын Салык кызматы эскертет.

Пикир

Оставить комментарий