• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан ишкердик иш жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясыз сатуу үчүн спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалар менен ар кандай идиштердеги жана аталыштардагы 2 млн сомдон ашык суммада алкоголдун 50 миңден ашуун бөтөлкөсү табылып, тартып алынган.

Материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий