• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынан тиешелүү лицензиясыз ишкердик жүргүзүү менен сатуу максатында спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сактоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 2 млн сомдон ашык суммадагы ар кандай идиштерде 10 миңден ашуун бөтөлкө спирт ичимдиктери табылып, тартып алынды, анын ичинде “Кыргызстан", "Бишкек", " Семетей", "Элес", “Элчи", "Арашан", "Кыргыз коньягы” коньяктары, ошондой эле "Манас", "Бакай", "Кыргыз стандарт", "Кыргыз сапаты" арактары бар.

Материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий