• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: "Супер Инфо" гезитинде бухгалтердик документтерин кайра текшерүүгө берүү үчүн 5 күн бар

Экономика 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 6-мартында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын токтомдорунун негизинде "Компьютер Пресс" ЖЧКнын ("Супер-Инфо” гезити) ишин көчмө салыктык кайра текшерүүнү дайындады. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кайра текшерүү 2013-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 30-сентябрына чейинки мезгилдеги КР салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо предметине карата жүргүзүлөт.

Көчмө кайра текшерүүгө карата жазма буйрук ЖЧКнын коммерциялык директоруна үстүбүздөгү жылдын 11-мартында берилген.

Жазма буйрукту алгандан бери ЖЧКнын өкүлдөрү кайра текшерүү үчүн баштапкы бухгалтердик документтерин берише элек.

Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын 13-мартында салык төлөөчүгө документтерин берүү жөнүндө чечим берилди. Салык мыйзамдарына ылайык, "Компьютер Пресс" ЖЧКсы ("Супер-Инфо" гезити) 5 жумушчу күндүн ичинде, башкача айтканда, үстүбүздөгү жылдын 20-мартына чейин, тиешелүү кайра текшерүү жүргүзүү үчүн суралган бардык документтерди берүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий