• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы тамеки продукцияларын маркалоого 76 млн электрондук код берген

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып тамеки продукцияларын маркалоого 76 млн жана алкоголдук продукцияларга 2,1 млн код берген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдирди.

Ал тамеки жана алкоголь продукцияларын электрондук маркалоо тутуму 2021-жылы 1-июлдан тартып ишке киргизилгенин эскертти.

«Бул системанын максаты - биздин өлкөгө импорттолгон же бул жерде продукция өндүрүлгөн учурдан баштап акыркы керектөөчүгө чейин көзөмөлдөө. Продукциянын сапатын жана ал үчүнсалык төлөнгөнүн текшерүү. 1-сентябрдан тартып биз ар бир жаран товарларды сканерлеп, текшере ала турган тиркемени ишке киргиздик”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий