• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы тамекини, алкоголдук продукцияны жана бут кийимди маркалоо боюнча пилоттук долбоордун алкагында иш алып барууда

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы азыркы учурда товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоору боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июлга чейин боло турган пилоттук долбоордун алкагында, тамеки, алкоголдук продукция жана бут кийим ыктыярдуу маркаланууга тийиш.

Долбоор аяктаган соң 2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө же аларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө аларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону, ошондой эле бут кийим товарларын ыктыярдуу маркалоону ишке киргизүү пландаштырылууда.

Ошол эле учурда 2020-жылдын 1-июлунан тартып 2021-жылдын 1-январына чейинки мезгилде жогоруда аталган товарлардын маркаланбаган түрүнүн калдыктарын өлкөнүн аймагында жүгүртүүгө уруксат берилген.

Азыркы учурда Россия Федерациясынын Өкмөтүндө 2020-жылдын 1-мартынан тартып 2020-жылдын 1-июнуна чейин Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө санариптик идентификациялоо каражаттары менен бут кийимдерди маркалоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси каралып жаткандыгын маалымат катары билдиребиз.

Белгилей кетсек, санариптик идентификациялоо каражаты товарлардын ар бир бирдигинин индикатору жөнүндө маалыматты камтыган штрих же дата-матрикс коду түрүндө берилген машинада окулуучу формадагы символдордун уникалдуу ыраатын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий