• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы: Тогуз айда инновациялык метод менен 357 млн сом салык чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын тогуз айында инновациялык метод менен 357 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында перифериялык түзүмдөр аркылуу бюджетке 356,9 млн сом суммасында 304 миң 711 салыктык төлөмдөр жүргүзүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,3 миң төлөмгө жана 40,5 млн сомго көп.

Анын ичинен эң эле көбү төлөм терминалдары аркылуу 276,9 млн сом суммасында 250 миң 781 төлөм жүргүзүлгөн.

Салык төлөөчүлөр салык төлөөнүн инновациялык башка методдорун да пайдаланышат. Алсак, банкомат аркылуу 17,3 млн сомго 15 миң 925 төлөм, веб-кассалар – 40,8 млн сомго 8940 төлөм, интернет-банкинг – 11,9 млн сомго 14 миң 590 төлөм, мобилдик банкинг – 6,5 млн сомго 10 миң 811 төлөм, электрондук капчык – 2,6 млн сомго 3300 төлөм жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда Кыргызстанда салык төлөөнүн ар кандай инновациялык ыкмалары бар, анын ичинде салык жана төлөмдөрдү интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук капчык, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, WEB-кассалары, банкоматтар аркылуу төлөөгө болот.

Мамлекеттик салык кызматы калкка аралыктан тейлөөнүн ар кандай ыкмалары менен акчалай эмес эсептешүүнүн тиешелүү кызматтарын көрсөтүү боюнча дээрлик бардык коммерциялык банктар менен активдүү кызматташат.

Салык төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын киргизүү накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөр үчүн шарттарды түзүү жана өлкөдө салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында ишке ашырылган.

Салыктарды төлөөнүн инновациялык методдорунун санын көбөйтүү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий