• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы товарларды эсепке алуу пункттарында "Жыйынды пост" системасын ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү товарларды эсепке алууда "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдоно баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ноябрында тесттик режимде ишке киргизилген "Жыйынды пост" системасы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында иштейт.

Мындан ары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына товар ташып кирүүнү ишке ашырган импорттоочулар "Жыйынды пост" маалыматтык системасында же import.salyk.kg сервиси аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздөөгө тийиш.

“Жыйынды пост” системасы "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп эсептелет жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен сооданын алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу, ошондой эле, товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлөт.

Автоматташтырылган системаны ишке киргизүү ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алууну өткөрүү процессин тездетет, сапатын жогорулатат жана кызыктар болгон мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну камсыз кылат.

Электрондук коштомо кагаздарды пайдалануу боюнча толук маалыматты салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий