• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн ар бир өткөн күнүнө туум эсептелет.

Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн да өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий