• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөттөрү өткөндөн кийин рейд жүргүзөт

Экономика 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (короо-жай, короо-жай алдындагы бак-чарба жер участогу) салыктарын төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, унаа салыгын ушул жылдын 1-сентябрына чейин, ал эми турак-жай, батир жана жер салыктарын – 2-сентябрына чейин төлөө зарыл.

Ведомстводон билдиришкендей, МСК көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин унаа салыгын төлөбөн салыкчыларды табуу боюнча рейд жүргүзүлүп, кыймылсыз мүлк боюнча үй жана батирлердин ар бирин кыдырып чыгат.

"Салыктарды өз убагында төлөбөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынып, туум эсептелмекчи. Административдик жана финансы жоопкерчилигинен качуу үчүн, Салык кызматы бардык унаалардын, турак-жайлардын батирлердин жана жер ээлерин салыктардын эсептелген суммаларын өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Салыктарды бардык банк мекемелеринен, почта түйүндөрүнөн, төлөм терминалдары, интернет жана мобилдик банкингдерден төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg.сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий