• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кызматы үзгүлтүксүз негизде салык төлөөчүлөрдү окутууда

Экономика 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн кызматкерлеринен тышкары салык төлөөчүлөр, ЖОЖдордун студенттери, ишкерлер, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр үчүн да окутуучу семинарларды туруктуу негизде өткөрүп турат. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алсак, Кыргыз Республикасынын салык жана камсыздандыруу мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында, салык кызматы, ишкерлер үчүн киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун жаңы бириккен формасын толтуруу боюнча тренингдерди өткөрдү.

Социалдык тармактар аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу астында уюштурулган жана өткөрүлгөн Дүйнөлүк акча жумалыгынын иш-чараларына катышуу алкагында салыктык сабаттуулук боюнча видео сабактарды уюштурду. Окутуучу цикл Кыргызстандын салык режимдери сыяктуу эле, салыктардын айрым түрлөрүн камтыган 10 анимациялык роликтен турат жана жаш муундардын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле жалпысынан салык маданиятын жогорулатууга багытталган. "Бардыгы Кыргызстандын салыктары жөнүндө" сериясынан видео сабактар ​​JICAнын "КРӨгө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Декларациялык өнөктүк учурунда "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо", "ЕНД FORM STI-155 БСДны туура толтуруу жөнүндө" темаларында мамлекеттик органдар үчүн маалыматтык семинарлар жана онлайн окутуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Салык кызматы тарабынан республиканын 501 жалпы билим берүү мектебинде жана билим берүү мекемелеринде салыктык сабаттуулук боюнча сабактар өткөрүлүп, ага 8-11-класстардан 48 миң 66 окуучу катышты.

Адам университети уюштурган "Салыктар – көз карандысыздыктын пайдубалы" онлайн илимий-практикалык конференциясына 80ден ашуун студенттер жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары, ошондой эле салык органдарынын кызматкерлери катышты. Андан тышкары, Казакстан Республикасынын Алмата университетинин 48 студенти жана Адам университетинин "Экономика" программасынын 2-3-курстарынын студенттери КЭУнун демилгеси менен студенттер үчүн Эл аралык такшалманын алкагында уюштурулган салык маселелери боюнча онлайн лекциялардын катышуучулары болушту.

Республиканын жогорку окуу жайларынын профессордук- окутуучулук курамынын 70тен ашуун өкүлдөрү онлайн режиминде салык маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий