• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абадда акциздик маркасы жок 4 миңден ашык таңгак тамеки тартып алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарынан тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркасы жок 4 миң 54 таңгак тамеки тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий