• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы Жалал-Абаддан ири партиядагы лицензиясыз сыраны тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.20 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кезектеги ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Жалал-Абад облусунда лицензиясыз жана уруксат документсиз сатуу максатында мыйзамсыз сакталган сыранын кампасы аныкталды.

Ар кандай аталыштагы жана идиштеги 2 млн сомдон ашуун суммадагы 38 миң 62 бөтөлкө сыра тартып алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий