• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы жарандарды салык органдарына баруусун чектөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жарандарды өтө зарыл иш болбосо салык органдарына барууну чектөөгө чакырат.

Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал, ал эми айрым аймактарында өзгөчө абал жарыяланган мезгилинде салык органдары ишин кадимки режимде улантышат. Коронавирусту алдын алуу боюнча зарыл болгон санитардык-гигиеналык чаралар көрүлдү жана күчөтүлдү.

Бирок, коронавирустук инфекцияны жайылтууга жол бербөө максатында, Салык кызматынын сайтындагы жеке кабинети аркылуу салык кызматына кайрылуунун электрондук форматына артыкчылык берүү менен жарандардын салык органдарына жеке келүүдөн алыс болуусун сунуш кылат.

КР Өкмөтү бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөттөрүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин жылдыргандыгына байланыштуу, декларацияны тапшыруу боюнча салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн күзгө чейин жетиштүү убакыт бар.

Эгерде, белгилүү бир салыктык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждык болсо, аймактык салык органдарынын телефондоруна чалып (номерлер МСКнын сайтында жайгаштырылган), ошондой эле 1240 номери аркылуу кеңеш алууга болот

Пикир

Оставить комментарий