• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы жарандарды унаа, турак-жай жана жер салыгын убагында төлөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Жарандардын унаа, турак-жай жана жер салыктарын убагында төлөөсүнө эки жума убакыт калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомство унаа каражаттарынын, турак-жай мүлктөрүнүн жана жер тилкелеринин ээлерин калган убакыттан пайдаланып, 1- 2-сентябрда төлөө мөөнөтү аяктай турган унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөөгө чакырат.

“Жарандарда салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн дагы эки жума бар. Ушуга байланыштуу, Салык кызматы өздөрүнүн убактыларын банкттардын кассаларында кезектерде коротпостон, алдын ала, тынч жана ашыкча кыжаалат болбостон убагында төлөөгө чакырат.

Жарандар өзү үчүн ыңгайлуу салыкты төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларында, почта бөлүмүндө, ошондой эле төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин унаа каражаттарына, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий