• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы жер семирткич, пиломатериал жана канаттуунун этин мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товар ташып кирүүдө бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» контролдук-өткөрмө пунктунда 40 тонна аммофос (жер семирткич), 20 тонна водоэмульсия, 19 тонна чала фабрикат, 20 тонна тоок этинен фарш, 20 тонна канаттуунун этин алып өтүү аракети аныкталды.

«Чалдовар» контролдук-өткөрмө пунктунда 70 куб метр пиломатериалдын, «Чон-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунда – 20 тонна полиэтилендин мыйзамсыз ташылып кирүүсү аныкталды.

Импортточулардын бардыгында коштоочу документтер жана товарды ташууга салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий