• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: Жогорку класстын окуучулары салык боюнча онлайн билим ала алышат

Экономика 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Жаңы окуу жылынан баштап жалпы билим берүү мектептеринин жогорку классынын окуучулары жана экономикалык эмес жогорку окуу жайлардын студенттери салык мыйзамдары боюнча кызыктуу формада билим ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, катышуучулар окуган жерден онлайн режиминде же түздөн-түз окутуу формасын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, тагыраак айтканда, окуу жайларында заманбап окуу куралдарды жана технологияларды, анын ичинде компьютерлерди, смартфондорду, ноутбуктарды же башка чакан колдонмолорду пайдаланышат.

Бул максатта Мамлекеттик салык кызматы кийин жаштарга салыктык сабаттуулук боюнча сабактарды өтүү үчүн аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн 116 кызматкерин дистанттык окуудан өткөрдү. Мында, салык системасынын негиздери менен таанышуу үчүн жаңы окуу куралдары (аудио жана видео роликтер) пайдаланылат.

Мындан сырткары, окуу жайлар менен кызматташуунун алкагында ЖОЖдордун жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары үчүн ушул сыяктуу окутуучу тренингдер өткөрүлдү. Тренинг дистанттык окутуу куралдарын жана заманбап методдорду пайдалануу менен онлайн-режиминде өткөрүлдү.

Бардык ушул иш-чаралар Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) менен биргеликте жүзөгө ашырылуучу “Мамлекеттик салык кызматынын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий