• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы: Жыл башынан бери 25 миңден ашуун жаран кеңеш сурап кайрылды

Экономика 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. 2019-жылдын январь-март айларында Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борборуна салык салуу чөйрөсүнө тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча кеңеш алуу үчүн жарандардан 25 миң 195 чалуулар түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 663 кайрылууга көп.

Кайрылуулардын 90%дан ашыгы Бирдиктүү салык декларациясын толтурууга жана тапшырууга, ошондой эле, декларациялык кампания өтүп жаткандыгына байланыштуу, “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервисине кирүүгө мүмкүнчүлүк алууга байланыштуу маселелер болгон.

"Жарандар ошондой эле салык салуу боюнча башка маселелер менен да кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2012-жылдан тартып өлкөдө 194 номери менен салык кызматынын Маалымат борбору иштөөдө. Чалуулар Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн акысыз, мобилдик телефондон уюлдук операторлордун тарифтик пландарына ылайык төлөнөт.

Маалымат борбордун негизги максаты – бул салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана көмөктөшүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар түрдүү маалымдама маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелериндеги сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий