• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы жыл башынан бери бюджетке 3,7 млрд сом салык карызын өндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 9 айында салык карыздарын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 3 млрд 740 млн сом өндүргөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 51,1 млн сомго көп же өсүү ыргагы 139,1 %ды түзгөн. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө салык төлөөчүлөргө тапшырылган 7 млрд 609,3 млн сом суммасындагы 79 миң 184 чечимдин ичинен 56 миң 123 чечим боюнча 2 млрд 623,6 млн сом өндүрүлгөн.

Мындан сырткары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 2 млрд 499,4 млн сом суммасына 2 миң 682 салыктык төлөм талаптары коюлган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 874,5 млн сом сумма менен 137 талапка көп. Алардын ичинен 495,6 млн сому өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери 1 млрд 168,3 млн сом суммасында 1 миң 266 материал сотко өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен 775 млн сом суммасында 651 материал боюнча салык карызын бюджеттин пайдасына өндүрүү каралган.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндүк үчүн бюджетке 9,2 млн сом суммасында 4 миң 407 айып салынган, анын ичинен 3 миң 655 айыптан 7,4 млн сом өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий