• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 66,9 млн сомдук алкоголь тартып алды

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жыл башынан бери республика боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн 66,9 млн сомго 224 миң 686 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинен май айында 40,3 млн сомго 88 миң 717 бөтөлкө алкоголь тартып алынган.

"Бузуулардын көпчүлүгү акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу алкоголдук продукцияны сатуу, ошондой эле товарды сактоого жана сатууга уруксат берүүчү документтердин (сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) жоктугу менен байланышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ишкерлерге карата өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, чаралар көрүлүп, бир катар субъекттер боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий