• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 262 миң бөтөлкө алкоголь тартып алынды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөгү (уруксат берүүчү документтерсиз (лицензиясыз), жасалма белгилери менен жана акциздик маркалары дал келбеген) жалпы 51 млн 111,9 миң сом суммадагы 262 миң 327 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 10,5 млн сом суммасында акциздик маркасыз 148 миң 692 куту тамеки продукциясы тартып алынган.

Алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ишкердик субъектке жүргүзүлгөн 189 текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР салык мыйзамдарын бузган 182 факт аныкталган. Натыйжада 1 млн. 356 миң сом айып салынган, алардын ичинен бюджетке 1 млн 281 миң сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери 658 ишкер субъектке алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берилген. Мында, этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жыйымдар 20 млн. 480 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий