• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы: Жыл башынан бери жарандардын кайрылуусу боюнча 32 кызматкер жоопко тартылды

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 100 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен жазуу жүзүндө – 27 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 66, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш” номерине – 7.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 20 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 77 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 7 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 12 – тастыкталды, дагы 1 кайрылуу – кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 32 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 17 катуу эскертүү алды, 7 кызматкерге сөгүш жана 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузууларга карата 3 билдирүү боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бардык фактылар тастыкталган жок.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 32 жаран болду, алардын ичинен 19 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 12 адам, кадрдык маселелер боюнча – 1 жаран болду.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312)61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779)61-31-89 “шыр байланыш” номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат. Жарандар кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы келип түшкөн ар бир даттануулар жана/же кайрылуулар боюнча Кыргыз Рсепубликасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууну жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий