• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кызматы: Жыл башынан тарта суммасы 1,7 млрд сомдук патенттер берилген

Экономика 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8 айында 1 млрд 752 млн сомго 698 миң 570 патент жана 579 млн 565 миң сомго 498 миң 612 камсыздандыруу полиси берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен онлайн режиминде 1 млрд 64 млн сомго 453 миң 342 патент жана 346 млн 490 миң сомго 369 миң 055 камсыздандыруу полиси берилген.

Эске салсак, салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын бардык аймагында электрондук патенттерди берип баштаган.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 164 токтомуна ылайык, кагаз жүзүндөгү жана электрондук форматтагы патенттердин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилген.

Алсак, 2020-жылдын августунан баштап патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди. "Э-патент" электрондук кызматы (epatent.gov.kg) жакшыртылды, анда патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен алууга болот.

Ошондой эле, модернизацияланган жана жаңыланган "электрондук патент" системасы бирдиктүү патенттин бланкын жана камсыздандыруу полисин генерациялоо функциясы менен ишке киргизилди, ал салык төлөөчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынды.

Электрондук патентти тариздөө ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасында (СОМС) салык төлөөчү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, ал үчүн ишмердүүлүк катталган жердеги аймактык салык органында логинди жана паролду алуу гана жетиштүү, ошону менен бирге убакыт да бир кыйла үнөмдөлөт.

Пикир

Оставить комментарий