• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматына бир катар кызмат орундарга убактылуу жумушчуларды кабыл алууга тыюу салынды

Экономика 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына негизги кызматкерлердин бала багуу боюнча эмгек өргүү мезгилинде жана эмгек акысы сакталбаган өргүү учурунда белгилүү бир кызмат орунга коюлган жана мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдар гана убактылуу негизде кабыл алынат.

Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.

Ошондой эле, салык кызматына салыктык текшерүү жана атайын салыктык режимдеринин функциялары менен байланышкан кызмат орундарына жана салык органдарынын жетекчи жана алардын орун басарларына, бөлүмдөрдүн жана секторлордун начальниктеринин кызмат орундарына (иштеп жаткан кызматкерлердин милдеттери жүктөлгөндөн башка учурларда) убактылуу кызматкерлер кабыл алынбайт.

Мындай талаптар иштин толук кандуу аткарылышын камсыз кылуу, салык кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле МСКнын кадрдык потенциалын жакшыртуу максатында киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий