• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматына жыл башынан бери жарандардан 51 кайрылуу түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына жыл башынан бери жарандар жана юридикалык жактардан 51 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 14 билдирүү электрондук почта аркылуу, жазуу жүзүндө – 20, “ишеним телефонуна” – 15 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу 2 билдирүү.

Келип түшкөн арыздардын 10у ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы, 19у – салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттери, ал эми калган 21 – ар кандай маселелер боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар КР мыйзамдарына ылайык каралган.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү 19 билдирүүнүн ичинен – 6 ырасталган эмес жана 4 ырасталган, ал эми 9 кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында 1 кызматкерге карата катуу сөгүш, 1 – сөгүш, 2 – эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулушу тууралуу 10 билдирүүнүн ичинен 2 билдирүү боюнча факт ырасталып, аларга карата административдик мүнөздөгү чаралар колдонулду. 5 даттануу боюнча фактылар ырасталган эмес, ал эми 3 факт кароо стадиясында турат.

Мындан тышкары, жыл башынан бери 24 жаран Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда болгон, анын ичинен жеке маселелер боюнча – 16 адам, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 6 жана кадр маселеси боюнча – 2 адам.

Салык кызматында жарандардын кайрылууларын ыкчам жана өз убагында кароо максатында, 61-31-89 “ишеним телефону”, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дарек иштеп жатат.

Жарандар өздөрүнө ыңгайлуу болгон формада – жазуу, оозеки жана электрондук түрдө кайрыла алышат. Ошол эле учурда салыкчылардын иш-аракеттерине гана эмес, салык мыйзамын бузуу менен өз ишмердигин жүргүзгөн ишкерлерге карата да даттанууга болот.

Эскерте кетсек, келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча Мамлекеттик салык кызматы тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн кызматтык иликтөө, текшерүү, рейддик салыктык контроль жана хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий