• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматынын инспектору 80 миң сом өлчөмүндө пара алып жатып кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери 80 миң сом өлчөмүндө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЭККМКна инспектордун пара талап кылып жаткандыгын айтып ишкер кайрылган. Ал өзүнүн кызматтык абылынан кыянаттык менен пайдаланып, айыптык санкцияларды салам деп корутуп, маселени ишкердин пайдасына чечип берем жана мындан ары коргоп турам деп ишкерден 200 миң сом өлчөмүндө “пара” талап кылган.

Аталган факты боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык (“Опузалап пара талап кылуу”) кылмыш иши козголду.

3-октябрда ЭККМКнын кызматкерлери козгогон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жалал-Абад шаарында 80 миң сом өлчөмүндө “паранын” биринчи бөлүгүн алып жаткан жеринен МСКнын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспектору “О.А.” кармалды.

Анын баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий