• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматында Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик салык кызматында Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата өлкөнүн желегин көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев ведомствонун жетекчилигинин атынан салык кызматынын бардык кызматкерлерин өзгөчө күнү менен куттуктап, бул мамлекеттик символдун өлкөнүн тарыхына карата жогорку патриоттуулук жана урматтоо сезимин тарбиялоодогу маанилүү маанисин баса белгиледи.

"Туура 30 жыл мурда – 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу бекитилген. Ошондо өлкөнүн башкы аянтында биринчи жолу Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, ал бүгүнкү күнгө чейин өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана эгемендүүлүгүнүн символу катары жогору бааланып келет. Мамлекеттүүлүгүбүз мындан ары да бекемделсин. Өлкөнүн символуна аяр мамиле кылуу – бул ар бир жарандын милдети. Мамлекеттик тууну урматтоо өлкөнүн улуулугунун ишенимдүү кепилдиги болуп саналат!", – деди ал.

Андан кийин Кыргызстандын гимнинин коштоосунда өлкөнүн мамлекеттик туусу көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий