• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматында пара талап кылуу фактысы боюнча кызмат адамдарын кармоо жагдайы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. / Кабар/. 10-мартта Мамлекеттик салык кызматында (МСК) коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясы Ленин району боюнча салык органынын жамааты менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан аталган аймактык салык органынын кызмат адамдарын пара талап кылуу фактысы боюнча кармоо фактысы жолугушуунун негизги темасы болду.

Комиссиянын төрагасы катары Салык кызматынын статс-катчысы Карагул уулу Жакып, мамлекеттик аткаруу органы катары жалпы салык кызматынын беделине ушул сыяктуу көрүнүштөр чоң зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу, бул маселени талкулоонун актуалдуулугун белгиледи. Анын үстүнө коррупция менен күрөшүү мамлекеттин саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Статс-катчы 9-мартта ММКга УКМК Ленин району боюнча салык кызматынын бир катар кызматкерлери колго түшүрүлгөндүгү тууралуу маалыматы жарыялангандан кийин, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги дароо эле шектүү болгон үч кызматкерлерди ошол эле күнү эллеген кызматтарынан кетиришкендигин айтып берди.

Жыйындын жүрүшүндө МСКнын Ленин району боюнча башкармалыгынын жамааты мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин аткаруусунда коррупциянын көрүнүштөргө жол берилбегендигин айтышты.

Чогулуштун жыйынтыгында статс-катчы Карагул уулу Жакып МСК коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жана бардык салык органдарындагы пара алгандарды аныктоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтө тургандыгын белгиледи. Мындай таза эмес кызматкерлерге карата абдан катуу чаралар көрүлөт, деп эскертти ал.

Өздөрүнүн кесиптик ишмердигинде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча ушуга окшош талкуулар МСКнын борбордук аппаратында, ошондой эле аймактык салык органдарында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, МСКда коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын 3-баскычынын алкагында ведомство мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жоюга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырат жана тийиштүү иштерди жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий