• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматынын 14 кызматкери Япониядан дистанттык окутуу боюнча квалификациясын жогорулатышты

Экономика 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 14 кызматкери Япон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) тарабынан уюштурулган Япониядагы стажировканын алкагында дистанттык окутуу боюнча өздөрүнүн квалификациясын жогорулатышты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Окутуунун жүрүшүндө кыргызстандык салыкчылар Япониянын салык органдарынын кызматкерлерин даярдоо системасы менен таанышышты, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жеке компаниялардын кызматкерлери үчүн электрондук (дистанттык) окууларды пландаштыруу жана уюштуруу жаатындагы ошол өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүштү.

Стажировканын программасына ылайык, салыкчылар E-Learning Award-2019 электрондук окутуу форумуна барышкан. Ал жерден дистанттык окутуунун заманбап технологиясы, тематикалык изилдөөлөр көргөзүлүп, ошондой эле Япониянын санариптик контентинин акыркы үлгүлөрү көрсөтүлгөн. Ошол эле жерден электрондук окутуудагы эң көрүнүктүү инновациялар үчүн Япония жана эл аралык компанияларга сыйлык тапшырылган. Конкурста жеңип чыккан компаниялар Форумдун катышуучуларын иштеги жогорку натыйжалуулукка жетишүү үчүн кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча дистанттык окутууну уюштуруу жана өткөрүү ыкмалары менен кеңири тааныштырышты.

Мындан тышкары, штаттык саны 50 миңден ашык ири компаниялардын биринин окуу борборунун иши менен кыргызстандык салыкчылар таанышышты. Салыкчылар экскурсия убагында квалификацияларын өркүндөтүү максатында компаниянын персоналын окутуу процессиндеги алдыңкы технологиялардын практикалык колдонулушун көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Стажировканын программасына ылайык, Digital Knowledge жергиликтүү корпорациясынын аянтчасында "МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу"долбоорунун алкагында окуу материалдарын иштеп чыгуу жана дистанттык окутуу системасын пайдалануу боюнча тренинг өткөрүлдү.

Топтошкон практикалык сабактардын жүрүшүндө стажерлор Бишкек шаарында мурда өткөрүлгөн пилоттук окутуунун жыйынтыктарын эске алуу менен салык кызматынын кызматкерлерин дистанттык негизде окутууну уюштуруу боюнча иш эрежелерин иштеп чыгуу көндүмдөрүн аткарышты.

Стажировканын жүрүшүндө алынган практикалык билимдер жана көндүмдөр МСКнын кызматкерлери менен катар эле салык төлөөчүлөр да дистанттык/электрондук окутууда колдоно турган окуу материалдарын даярдоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, стажировка JICA менен биргеликте ишке ашырылып жаткан "КР Өкмөтүнө караштуу МСКнын адам ресурстарын өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Долбоор салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү жана республиканын калкынын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дистанттык/электрондук окутууну киргизүү аркылуу ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий