• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Салык кызматынын 58 кызматкери жазаланды

Экономика 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 58 кызматкерин жазалады.

Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен жазуу жүзүндө – 82 билдирүү, электрондук почта боюнча – 46, “ишеним телефонуна” – 48 жана ММК аркылуу – 3.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Келип түшкөн кайрылуулардын жана даттануулардын ичинен 119 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 29 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 56 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 55 – тастыкталды, 3 – жарым-жартылай тастыкталды, 1 – кароо стадиясында турат жана 4өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында бир катар кызматкерлер тийиштүү жаза алышты, анын ичинде 4 кызматкер кызматтан бошотулду, 10 – катуу сөгүш, 16 – сөгүш, 17 – эскертүү жарыяланып, 6 кызматкерге катуу эскертүү берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 29 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 11 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, 2 – жарым-жартылай ырасталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду. 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок.

2019-жылдын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 94 жаран болду, алардын ичинен 45 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 38 адам, кадрдык маселелер боюнча – 10, коррупция маселеси боюнча 1 жаран болду.

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында 0312613189 номери боюнча "ишеним телефону", 0779613189 “шыр байланыш” номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги иштейт. Мындан тышкары, коомдук кабылдама дагы иштеп турат, бул жарандарга ыңгайлуу формада – кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет. Жарандар салыкчылардын иштерине гана эмес, салык мыйзамдарын бузуу менен иш жүргүзүп жаткан ишкерлерге карата да даттануу менен кайрылса болот.

Салык кызматы келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн хронометраждык текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий