• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Салык кызматынын башчысы чет өлкөдөн эсепке алынбаган товарларды ташуу фактыларына жол бербөөнү талап кылды

Экономика 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ишкердик максатта ташып келинүүчү эсепке алынбаган товарларды чек арадан алып өтүү фактыларына жол бербөөнү салыкчылардан талап кылды. Кыйыр салыктарды сапаттуу башкаруу фискалдык органдын актуалдуу жана маанилүү милдеттеринин бири болуп саналаарын баса белгилөө менен, К.Абдалиев ведомствонун кызматкерлерин ак ниеттүү, таза жана принциптүү иштөөгө чакырды. Бул тууралуу Абдалиев жыйында билдиргенин аталган ведомствонун басма сөз кызматы маалымдайт.

Анда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу жана коррупция менен күрөш боюнча маселелер талкууланып, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө боюнча жаңы башкармалыктын иши каралды.

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында түзүлгөн жаңы башкармалыкка кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы контролдук-өткөрмө пункттарына жанын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынын ишин уюштуруу, анын ичинде рейддик салыктык контроль жана товарларды ташып кирүүдө (импорттоодо) транспорт каражаттарын кароо милдети жүктөлгөн.

Жаңы башкармалык түзүлгөндөн тартып, жакшы натыйжаларды көрсөттү. Бирок, К. Абдалиевдин айтуусу боюнча, товарларды, анын ичинде күйүүчү майларды контрабандалык түрдө алып келүү менен күрөшүүнүн алкагындагы посттогу ар бир кызматкердин иши Салык кызматынын жетекчилигинин, укук коргоо органдарынын жана коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө турат.

“Принципиалдуу, чынчыл болуңуздар. Ар бир өтүп жаткан товарды эсепке алып, бул тууралуу бардык маалыматты аймактык салык органдарына онлайн аркылуу жибергиле, алар жер-жерлерде тийиштүү иштерди жүргүзүшсүн”, – деп белгиледи ал.

Салык кызматынын башчысы посттордон келип түшкөн маалыматты сапаттуу контролго албагандыгы жана кыйыр салыктардын бюджетке келип түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштин начар уюштурулуп жаткандыгы үчүн бир катар аймактык салык органдарынын жетекчилеринин ишин сынга алды.

“Бардык жашыруулар эртеби-кечпи айкын болот. Таза иштебегендер билинбей калып калат деп ойлобошсун. Ошондуктан, принцип менен таза иштеңиздер. Биз мындан ары да коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп, ак ниетсиз иштеген кызматкерлерден арылабыз”, – деди МСКнын башчысы.

Салыктардын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн жол берилгистигин белгилеп, К.Абдалиев бул ведомствонун бардык кызматкерлерине, жетекчилик курамдан баштап катардагы кызматкерлерге чейин тиешелүү экендигин билдирди.

К.Абдалиев белгилегендей, ишкердик максатта товар ташып келген ар бир импорттоочу өлкөнүн бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөгө тийиш. Кол тийбестер болбош керек.

Жыйынтыгында МСКнын төрагасы салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз импорттоочуларды аныктоо жана салыктардын зарыл болгон суммасын өндүрүп алуу боюнча системалык иштерди уюштурууга басым коюу менен бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий