• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиев коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев коронавирус жуктуруп алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Абдалиев бүгүн, 11-ноябрда оорудан улам Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышкан эмес.

"Себеби, өткөн жуманын аягында берилген тесттин жыйынтыгы боюнча коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу салык кызматынын башчысы дарыланууда жана өзүн-өзү изоляциялоодо болот. Анын ордуна Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Асылкулов катышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий